Алтын сатабыз деп алдап, тоноого аракет кылышкан. Чүйдө үч жаран кармалдыАЭС боюнча сүйлөшүүлөр «шашпай жүрүүдө». «Росатомдун» жетекчиси Кыргызстандагы пландар тууралуу эмнелерди айтты?Өспүрүмдөр көзөмөлсүз жабык кабиналарда калууда: Бишкекте «Антикино» жайларында рейд өткөрүлдүӨКМ: Ашууларга кар көчкү түшүүсү мүмкүнПрезидент Ирандагы элчиликтин кызматкерлеринин коопсуздугун камсыздоону тапшырды24-март: Өлкөнүн түндүк аймактарында жаан жаайт
Бишкектин бир бөлүгүндө 15-апрелде суу өчүрүлөт (карта)
11.04.2025 | 11:54
15-апрелде Бишкектин бир бөлүгүндө суу түтүктөрүн оңдоо иштерине байланыштуу суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Өчүрүү саат 10:00дөн 22:00гө чейин төмөнкү даректер менен чектешкен аймакта болот:
- Сарбан, Жал айылдары,
- Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш конуштары,
- 105-контур батыш тарабы, ЖЭБ-2 конушу, Селекциянын жаңы району,
- Достук, Ак-Ордо (Ахунбаев көчөсүнүн түштүгү) конуштары,
- Сокулук району Ак-Ордо конушу (Ахунбаев көчөсүнөн жогору), Ак-Ордо конушу (Өмүр көчөсүнөн түштүк тарабы).

Рубрики: Жаңылыктар, Коом