Борбор калаанын бир конушунда суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
27-июнда Красный строитель конушунда саат 10:00дөн 18:00гө чейин таза суу берүү убактылуу токтотулат.
«Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы Чоң-Курган көчөсүндөгү Д-300 мм шаардык суу түтүгүнө кошуу иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз