Мандатын тапшыргандардын ордуна Жогорку Кеңешке жаңы депутаттар келдиЖогорку Кеңештин депутаттарынын трибунадан сүйлөөсү чектелетЭрулан Кокулов Кыргызстанда «журналисттик мафия» иштеп жатканын билдирдиУКМК Нипах вирусунун жайылышынын фонунда чет элдиктерге жасалма медициналык маалымкаттарды берүү схемасын ашкереледиСурабалдиева парламенттин трибунасын жеке кайым айтышуулар үчүн колдонбоону талап кылдыБишкек шаарынын биринчи вице-мэри алмашты
Бишкектин борборунда жер алдындагы жылуулук кууру жарылды
07.11.2024 | 18:16
Бишкектин борборунда жер алдындагы жылуулук кууру жарылды. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук тармактары” ишканасы билдирди.
Маалым болгондой, жарылган түтүк Киев көчөсүндө Турусбеков менен Исанов көчөлөрүнүн ортосунда жайгашкан. Учурда ишкананын оңдоо бөлүмүнүн кызматкерлери түтүктүн жарылган жерин таап, анын канчалык жабыркаганын аныктоодо. Ишкана аталган иштерге карабай шаар тургандарында жылуулук өчүрүлбөй турганын билдирди. Бирок Бишкектин борбордук бөлүгүндө жылуулук менен ысык суунун температурасы түшүшү мүмкүн.
Ишкана аталган куур 1965-жылы салынганын, эскилиги жеткенин жана аны жаңылоого убакыт келгенин белгилейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом