Мүлктү камакка алуу, карыз алуучуну коргоо жана айып пул: КРда мыйзам долбоору даярдалдыЫсык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырды
Чүйдөгү “Комсомолец” чокусун “Сөз эркиндиги” деп өзгөртүү сунушталды
07.11.2024 | 17:43
Бүгүн, 7-ноябрда – Маалымат жана басма сөз күнүндө, Кыргызстандын бир катар журналисттери жана Борбор Азиядагы Америка университетинин журналистика департаментинин кызматкерлери “Комсомолец” чокусунун атын “Сөз эркиндиги” деп өзгөртүүнү сунуштады.
Алар аталган чокуга чыгып, президент Садыр Жапаровго кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгынын урматына чокуну “Сөз эркиндиги” деп өзгөртүүнү суранган.
“Комсомолец” чокусу Чүй облусунда жайгашкан. Анын бийиктиги дээрлик 4200 метр жетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом