Бишкектин четинде эки унаа сүзүшүп 1 адам каза болуп, бешөө жаракат алды

Бишкектин четинде эки унаа сүзүшүп 1 адам каза болуп, бешөө жаракат алды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда жол кырсыгынан 1 адам каза болуп 5 адам жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 13-сентябрь күнү саат 20:14тө Лебединовка айылынын В.Ленин жана М.Калинин көчөлөрүнүн кесилишинде “Lexus RX300” жана “Honda Accord” үлгүлөрүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен 1 киши каза болуп, 5 адам жабыркаган.

Окуя болгон жерге барган куткаруучулар жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып “Тез жардам” кызматкерлерине, каза болгон адамдын денесин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>