Бишкектин Чүй проспектиси иретке келтирилет

27.05.2023 | 11:28

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Чүй проспектисин  Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишинде  автотранспорттордун кыймылын тартипке келтирүү схемасын иштеп чыкты.

Мэриядан билдиришкендей, 29-майдан баштап «Бишкекасфальтсервис» төмөнкүдөй иштерди баштайт:

– Чүй проспектиси боюнча (түндүк-чыгыш тарабы) жол белгилерин реконструкциялоо менен жолдун бөлүүчү газон тилкесин кичирейтүү жолу менен жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;

– Аялдама комплексин жылдыруу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке уюштуруу жана жол белгилерин кайра орнотуу менен Чүй проспектисинин ылдый жагын  Курманжан Датка көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгүн (түндүк-чыгыш тарабы)  кеңейтүү;

– Жол белгилерин жана светофор объектисинин кошумча бөлүгүн орнотуу менен Чүй проспектиси боюнча (түштүк-батыш тарабынан) түштүк тарапка жол ачуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top