Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМи кызматташууну арттырат

Кыргызстан менен Өзбекстандын ИИМи кызматташууну арттырат

26-майда Фергана шаарында Кыргызстан жана Өзбекстандын Ички иштер министрликтеринин кыргыз-өзбек ведомстволор аралык координациялык жумушчу тобунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Жыйын эки өлкөнүн ички иштер министрлеринин орун басарлары Нурбек Абдиев жана Шавкат Рахмоновдун төрагалыгы астында өткөн.

Жыйындын башталышында Нурбек Абдиев Өзбекстан тарапка меймандостугу жана жолугушууну жогорку деңгээлде уюштургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, министрликтер ортосундагы өз ара мамилелер жана жемиштүү кызматташтык туруктуу өнүгүп жатканын белгилеген.

«Жыйында тараптардын терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү чөйрөсүндөгү маалымат алмашуу бөлүмдөрүнүн учурдагы абалы жана мындан аркы өсүшү, жалпы кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана иликтөө ишмердиги, баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча тараптардын бөлүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсү, аны жакшыртуу жолдору, уюшкан кылмыштуулукка жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды», – деп билдирет ИИМ.

Жолугушууда эл аралык уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде терроризмге, экстремизмге, баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө, уюшкан кылмыштуулукка жана адамдарды сатууга каршы күрөшүүдө кызматташуу маселелери каралып, делегациялардын өз ара визиттерин уюштуруу макулдашылган.

Ошондой эле, ИИМдин Башкы штабынын башкармалыгынын башчысы Муслим Алиевдин, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарынын жана Ош шаарынын ИИБнин жетекчилеринин курамында чек аралашкан облустардын ИИБнын башчыларынын жыйыны болуп өткөн.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча министрликтер менен ИИОнун чек аралашкан бөлүктөрүнүн ортосундагы мындан аркы кызматташуусунун Планына жана Протоколуна кол коюлган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>