Бишкектин Чүй проспектиси иретке келтирилет

Бишкектин Чүй проспектиси иретке келтирилет

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти Чүй проспектисин  Курманжан-Датка көчөсү менен кесилишинде  автотранспорттордун кыймылын тартипке келтирүү схемасын иштеп чыкты.

Мэриядан билдиришкендей, 29-майдан баштап «Бишкекасфальтсервис» төмөнкүдөй иштерди баштайт:

— Чүй проспектиси боюнча (түндүк-чыгыш тарабы) жол белгилерин реконструкциялоо менен жолдун бөлүүчү газон тилкесин кичирейтүү жолу менен жолдун жүрүүчү бөлүгүн кеңейтүү;

— Аялдама комплексин жылдыруу, жүргүнчүлөрдү ташуу үчүн кошумча тилке уюштуруу жана жол белгилерин кайра орнотуу менен Чүй проспектисинин ылдый жагын  Курманжан Датка көчөсүнүн жүрүүчү бөлүгүн (түндүк-чыгыш тарабы)  кеңейтүү;

— Жол белгилерин жана светофор объектисинин кошумча бөлүгүн орнотуу менен Чүй проспектиси боюнча (түштүк-батыш тарабынан) түштүк тарапка жол ачуу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>