Бишкектин Көк-Жар конушундагы жерлерди мыйзамсыз сатуу фактысы боюнча 7 адам кармалды

Бишкек шаарынын Көк-Жар конушунун 172-контурундагы жерлердин мыйзамсыз сатылышына байланыштуу арасында мурдагы мамлекеттик кызматкерлер бар 7 киши кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кармалгандар 2007-жылдан бери 141 гектардан ашык айыл чарба жерлерин жеке курулуш үчүн жерлерге мыйзамсыз өткөрүп, андан ары үчүнчү жактарга жеке турак үйлөрдү куруу үчүн сатышкан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү катары 7 киши кармалды. Алар: Энергетика министрлигинин алдындагы энергетикалык көзөмөл кызматынын мурдагы башчысы Т. М. К., «ТТ ГЭС» ишканасынын директору Д.К. Т., ушул эле ишкананын башкы энергетиги Ж.У. А., Энергетика министрлигинин башкы адиси Э.С. У., ошондой эле Бишкек шаардык мэриясынын Көк-Жар муниципалдык аймактык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси А.Р. К., «Добулбас» коомдук бирикмесинин жетекчиси Д.Т.К. жана дагы бир жаран И.Г.О.
Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган жарандар №1 Тергөө абагына камакка алынышкан.