Караколдун мурдагы мэри Бишкектин Октябрь районуна аким болду

Караколдун мурдагы мэри Бишкектин Октябрь районуна аким болду

Бишкек шаарынын Октябрь районуна аким болуп Данияр Арпачиев дайындалды. Тиешелүү буйрукка шаар башчысынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койгонун мэриядан кабарлашты.

Жаңы дайындалган аким буга чейин Каракол шаарынын мэри кызматын аркалап келген.

Белгилей кестек, Октябрь районунун акими болуп үч апта мурун дайындалган Константин Куценко дүйшөмбү күнү коррупцияга шектелип кармалган.

Константин Куценкону билбей кызматка алганы үчүн калаа башчынын милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев өкүнөрүн билдирип кечирим сурган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>