Бишкектин окуучулары Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов менен жолугушту
Борбор калаадагы № 25 мектепте Юрий Гагариндин бюстуна гүл коюунун салтанаттуу аземи өттү. Иш-чарага Кыргызстандан чыккан биринчи космонавт Салижан Шарипов жана Россиянын элчиси Сергей Вакунов катышты. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирет.
Космонавт Салижан Шарипов окуучуларга космоско учуулар жана космонавтиканы өнүктүрүүгө республиканын кошкон салымы тууралуу айтып берип, ошондой эле аларды келе жаткан Космонавтика күнү менен куттуктады.

«Силердин араңарда да келечекте космосту багындыра тургандар бар экенине ишенем. Алдыга умтула бергиле — ошондо колуңардан баары келет», — деп кошумчалады ал.

Сергей Вакунов өз сөзүндө Юрий Гагариндин эрдигинин түбөлүктүү маанисин баса белгилеп, ал дал ушул 1961-жылдын 12-апрелинде «Восток» кемесинде космос тармагынын ондогон жылдарга алдыга өнүгүшүн аныктаган легендарлуу 108 мүнөттүк учууну ишке ашырганын айтты.

Ошондой эле ал адамзаттын космоско чыгышына өбөлгө түзгөн советтик жана россиялык окумуштуулардын, инженерлердин жана космонавттардын зор салымын белгиледи.