Бишкектин так ортосунда ИИМдин күзөт кызматынын унаасы кырсыкка кабылды

Бишкектин так ортосунда ИИМдин күзөт кызматынын унаасы кырсыкка кабылды

Бишкектин  Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишинде ИИМдин күзөт кызматынын унаасын жеңил унаа сүзүп салды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиргендей, окуя 28-ноябрда, саат 09:00 чамасында болгон.

26 жаштагы жаран «Хонда Авансиер» унаасы менен баратып, «Рено Логан» унаасын сүзүп, анын кесепетинен эки кызматкер жабыркаган.

Кырсык болгон жерге тез жардам кызматы келип, жабыркагандарды 4-шаардык ооруканага алып кетишкен.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми унаалар айып короосуна жеткирилген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>