Бишкектин тургундарынын ипотекалык насыясы 11 млрд сомго жетти

Бишкектин тургундарынын ипотекалык насыясы 11 млрд сомго жетти

2020-жылдын аягына чейин Бишкекте ипотекалык насыянын көлөмү 11 миллиард сомго жетти. Коммерциялык банктар тарабынан берилген насыялар жөнүндө маалыматтарды Улуттук банктан билдирди.

Жалпысынан, Бишкек шаары боюнча бардык насыялардын жалпы суммасы 91,1 миллиард сомдон ашты. Насыянын көпчүлүгү соода жана коммерцияны өнүктүрүүгө берилген — 29,4 миллиард сом. Андан кийинки орунда өнөр жай — 10,9 миллиард жана курулуш — 10,1 миллиард сом турат.

Ошондой эле жеке адамдарга 6,6 миллиард сомго, дыйкандарга 3,7 миллиард сомго насыя берилгендиги белгиленди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>