Бишкектин вице-мэри «мугалимдер жапырт жумуштан кетти» деген маалыматты төгүндөдү

05.09.2025 | 10:00

Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева борбор калаадагы мектептерде мугалимдер жапырт иштен алынды деген маалыматка комментарий берди.

Анын айтымында, мындай маалымат чындыкка дал келбейт.

«Ар бир мугалим, ар бир кызматкер сыяктуу эле, жумуш ордун тандоого жана арыз жазып кетүүгө укуктуу. Мындай кадрдык өзгөрүүлөр көп учурда жай айларында болот, бирок окуу жылынын ичинде да болушу мүмкүн. Бул каалаган тармакта кездешкен кадимки көрүнүш. Эске салсак, иштен кеткендер менен катар мектептерге жаңы кадрлар, анын ичинде жаш адистер да келип жатат», — деди ал.

Вице-мэрдин маалыматына караганда, учурда Бишкектеги билим берүү мекемелеринде 10 миң 317 мугалим иштеп жатат. Ал эми 120 мектеп боюнча 573 бош орун бар, бул жалпы мугалимдердин санынан 5,5 пайызды түзөт.

Scroll to Top