Менинче райондук администрациялардын башчыларын укуктарын күчөтүү керек. Бул тууралуу Бишкек шаарынын жаңы мэри Эмилбек Абдыкадыров маалымат жыйынында билдирди.
Ал акимдер райондордун маселелерин өздөрү өз деңгээлинде чечиши керек, ыйгарым укук менен бирге алар дагы жоопкерчиликтүү болушаарын кошумчалады.
«Буга чейин бардыгын мэрия гана чечкен. Мэрия инвестиция, транспорт маселелери менен иштеши керек, ири долбоорлор менен иштеши керек. Калган маселелердин баарын райондук деңгээлде чечүү керек», — деди ал.