Өлүм-житимдерге мал союу тыйылды: Милиция түшүндүрө баштады (ВИДЕО)

Өлүм-житимдерге мал союу тыйылды: Милиция түшүндүрө баштады (ВИДЕО)

Ысык-Көл облусунун ички иштер органынын кызматкерлери, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана дин өкүлдөрү менен бирдикте элдер менен жолугушуп, анда Президент Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын максатын түшүндүрүп беришүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, облустун тургундарына жарлыктан келип чыккан негизги талаптары эмнеге багытталганын кеңири жеткирилүүдө. Алып айтсак, курулай бедел күтүү, жок каада-салттарды сактоо үчүн бул иш-чараларга көп учурларда материалдык мүмкүнчүлүгүнө ылайык келбеген көп сандагы адамдар чакырылат, тамак-аш көп жасалып, көптөгөн мал союлат, акча каражаттары ашыкча чыгымдалат. Белгилүү болгондой, динде да маркумду жерге коюуда, маркумду эскерүү үрп-адаттарында мындай ысырапкерчиликке жол берилбейт.

Мындай ашыкча чыгымдар үй-бүлөлүк бюджетке зыян келтирет жана калктын жашоо деңгээлине терс таасирин тийгизет. Көптөгөн жарандар ысыраптуу жана шаан-шөкөттүү үй-бүлөлүк иш-чараларды жана үрп-адаттарды өткөргөндөн кийин каражаттарды карызга, кредитке алат жана аны төлөө үчүн республикадан тышкары жактарга иштегенге кетүүгө аргасыз болушат.

Ушундай түшүндүрүү иштеринин натыйжасында, коомчулукта көтөрүлгөн демилге колдонулуп, облустун айрым айыл жана шаарларында акыркы сапарга узатуу зыйнаты, же башка салтанаттар көп суммадагы акчаны чыгымдабастан, көп сандагы малды сойбостон жана башка ашыкча ысырапкорчулуксуз өткөрүлүүдө.

Түшүндүрүү иштери уланууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>