Бишкектин жети көчөсүндө тротуарларды оңдоо пландалууда. Тизме

22.04.2022 | 17:54

Бишкектин жети көчөсүндө тротуарларды оңдоо пландалууда. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жөө жүргүнчүлөр өтүүчү аймактарды капиталдык оңдоону «Бишкекасфальтсервис» ишканасы жүргүзөт.

Тизме:

Жибек Жолу проспектисинин түндүк жана түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;

Чүй проспектисинин түндүк жана түштүк тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;

Киев көчөсүнүн чыгыш жана батыш тарабы Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин;

Абдрахманов көчөсүнүн чыгыш жана батыш тарабы Ахунбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

Манас жана Чыңгыз Айтматов проспектилеринин чыгыш жана батыш тарабы Жибек Жолу проспектисинен Ахунбаев көчөсүнө чейин;

Жаш Гвардия бульварынын чыгыш жана батыш тарабы Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейин;

Ахунбаев көчөсүнүн түндүк жана түштүк тарабы Жукеев-Пудовкинден Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин.

Scroll to Top