Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсү качан ачылары айтылды

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсү качан ачылары айтылды

Бишкек шаарынын отун-энергетика комплекси боюнча мэрдин орун басары Талайбек Байгазиев Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү (Бишкекжылуулуктармак ишканасынын объекти) оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүнкү күндө оңдоо иштери графикке ылайык жүрүп жатат. Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгү бүткөрүлүүдө. Бул участокто кыртышын ныктоо жүрүп жатат. Учурда бордюрлар орнотулуп, асфальт төшөө иштерине даярдыктар көрүлүүдө.

Июль айынын аягына чейин Горький көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки жолдун бөлүгү ачылат.

Мындан тышкары башка участоктордо да иштер уланууда. Медеров  көчөсүнөн Карасаев көчөсүнө чейинки тилкеде “Бишкексууканал” ишканасы муздак суу түтүктөрүн алмаштырууну баштады.

Мэрдин орун басары  Талайбек Байгазиев белгилегендей, Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн  боюндагы жылуулук тармагын реконструкциялоону тездетип, Горький көчөсүнөн тарта жолдун тилкесин өз убагында ачуу зарыл.

Эске сала кетсек, «Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы Жукеев-Пудовкин көчөсүн бойлой магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоодо. Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө диаметри 700 мм болгон түтүктөр диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылууда. Реконструкцияланган тармактын узундугу 845 метрди түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>