Бишкетин жаңы мэри өзүнүн 10 тапшырмасы жөнүндө айтып берди

Бишкетин жаңы мэри өзүнүн 10 тапшырмасы жөнүндө айтып берди

Бишкек шаарына жаңы дайындалган мэрдин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов алдыга койгон негизги 10 аткара турган тапшырмасын жарыялады.

Бир күн мурун премьер-министр Улукбек Марипов Бактыбек Кудайбергеновду  Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу кылып дайындоо жөнүндө буйрукка кол койгон.

Мен эң кыска мөөнөттө чечүү үчүн алдыга койгон негизги 10 тапшырманы белгилеп кетким келет, ошол эле учурда, ушул багыттар боюнча мурда башталган иштер дагы, балким айрым түзөтүүлөр менен улантылат.

  1. Борбор калаадагы эпидемиологиялык кырдаалды турукташтыруу, COVID-19га каршы иш-аракеттерди улантуу;
  2. Бишкек шаарынын башкы планынын ачыктыгын камсыз кылуу;
  3. Шаардык бюджеттен жарандардын киреше бөлүгүндө дагы, чыгаша бөлүгүндө дагы каражаттарды пайдалануусунун ачык-айкындыгын камсыз кылуу;
  4. Ар бир шаардык кызматтын жана ишкананын ишинин ачыктыгын уюштуруу;
  5. Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу;
  6. Коомдук шаардык транспорттун экологиялык таза отунга өтүү процессин тездетүү, транспорт секторунун курч маселелерин чечүү;
  7. Санариптештирүү. Бишкек шаарынын тургундарынын көйгөйлөрүн тез арада чечүү үчүн жаңы технологияларды шаардык кызматтардын ишине интеграциялоо;
  8. KPI көрсөткүчтөрүн пайдалануу принциптеринин негизинде муниципалдык кызматкерлердин ишмердүүлүгүн баалоону жүзөгө ашыруу;
  9. Шаардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу максатында, муниципалдык менчик жана ресурстар жөнүндө маалыматтын ачыктыгын камсыз кылуу, Бишкек шаарында инвестицияларды стимулдаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүү;
  10. Мурда кабыл алынган программалардын жана стратегиялардын аткарылышын талдоо.

Жакынкы аралыкта мен журналисттер менен жолугушам, маалымат жыйынын өткөрүп, анда иш пландары жөнүндө кененирээк айтып берем, — деди Кудайбергенов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>