“Биз менен ооз ачыңыз”. Бишкекте айдоочулар менен тургундарга 150 баштык таратылды

“Биз менен ооз ачыңыз”. Бишкекте айдоочулар менен тургундарга 150 баштык таратылды

Рамазан айынын алгачкы күнүндө айдоочулар жана калаа тургундары үчүн “Биз менен ооз ачыңыз” акциясы уюштурулуп, жалпысынан 150 баштык таратылды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Акциянын алкагында Иса Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн  кесилишинде  уюштурулуп, саамалыкка Муфтияттын маалымат бөлүм башчысы Максат Атабаев жана мекеменин ажы-умра бөлүм башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев катышкан.

Иш-чаранын алкагында борбордун жашоочуларына жана ооз ачууга жетишпей бара жаткан жүргүнчүлөргө, айдоочуларга атайын ооз ачууга ылайыкташкан чакан баштыкчалар таратылган.

“Биз жолуктурган айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн көбү орозо кармашыптыр. Чындыгында абдан ыраазы болушуп, ооз ачаарга жетишпей бара жатканда күтүлбөгөн белек болду деп сүйүнүп жатышты. Ыйык айдагы “Биз менен ооз ачыңыз” акциясы күн сайын калаанын ири көчөлөрүндө уюштурулуп турат”, — дейт Максат Атабаев.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>