Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулууда
“Бизге жумуш керек!” Электр жарыгын өчүрүүгө каршы митинг өттү
11.11.2021 | 14:12
Өкмөт үйүнүн жанында жарыктын өчүрүлүшүнө байланыштуу тынчтык митинги өтүүдө. Окуя болгон жерден сүрөттөрдү Азиз Пиримкулов социалдык тармакка жайгаштырган.
Сүрөттүн автору акцияга Фрунзедеги заводдун металл жана темир буюмдарын эритүү боюнча кыргыз-кытай ишканасынын жумушчулары катышканын белгилеген. Завод 4-шаардык оорукананын аймагында жайгашкан.
Митингчилер кечээтен бери ишканада электр жарыгы жок болгондуктан иш токтоп турганын билдиришүүдө.
«Биз өзүбүздүн ишибиз менен алек болуп, митингге чыгабыз деп ойлогон эмеспиз. Бизге жөн гана жумуш керек. Митингдерге чыгууга убактыбыз жок. Электр жарыгын бер, ишибизди токтотпо!», – дешет акциянын катышуучулары.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом