Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Нарын: Талапкердин рекламалык баннерин жулган жаран кармалды
11.11.2021 | 13:48
Нарын шаарында депутаттыкка талапкерлердин рекламалык баннерлерин айрыган жаран кармалды. Бул туурасында жергиликтүү милиция билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын шаарынын Ленин менен Батыш көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдамада №33 шайлоо округунан чыккан талапкердин илинип турган баннерин айрып кеткен. Милициянын аракетинен улам, Нарын шаарынын 29 жаштагы тургуну Т.А. шектүү катары кармалып, күнөөсүн толук мойнуна алган. Ал аталган аракеттерге өз ара пикир келишпестиктен улам баргандыгын жана аракеттер саясий мотивге ээ эместигин билдирген.
Тергөөнүн жүрүшүндө Т.А. №33 шайлоо округунан шайлоого катышып жаткан талапкерлер менен байланышта тургандыгы аныкталган эмес.
Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат