Блогер Актилек Орозбеков улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Блогер Актилек Орозбеков улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалды

Кечээ, 6-майда блогер Актилек Орозбеков улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалганын билдирди. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 15-апрелде интернет тармагына карата жүргүзүлгөн маниторингде “Актилек Орозбеков” аттуу Ютуб каналында улуттар аралык кастыкты козутуу фактысы аныкталган. Мындан улам аталган каналдагы видеолор соттук экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертиза  жогорудагы ютуб каналда “улуттар аралык кастыкты козутууну пропагандалоо” белгилери камтылган деген жыйынтык чыгарган.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

«Тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жаран 50дөн ашык мекемени өзүм билемдик менен текшерүүгө алып, бир тараптуу жыйынтык чыгарып, улуттар аралык кастыкты козутуу белгилеринин негизинде ишмердүүлүгүн жүргүзүп келгендиги аныкталган. Ошондой эле тергөө иштеринин жүрүшүндө А.О. аттуу жарандын буга чейин да (массалык баш аламандык фактысы боюнча) соттолгондугу бар экени такталган»,- деп айтылат маалыматта.

6-майда 20 жаштагы Актилек Орозбеков  кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда окуя боюнча тергөө уланып жатканы айтылды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>