Бокс академиясы, 50 метрлик бассейн жана балбандар үчүн зал курулат

Бокс академиясы, 50 метрлик бассейн жана балбандар үчүн зал курулат

Кыргызстанда Бокс академиясы, грек-рим менен эркин күрөш боюнча балдандарга машыгуу залы жана суучулдар үчүн 50 метрлик бассейн курулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинин директору Айбек Абдымомунов билдирди.

Анын айтымында, боксчуларга имарат салуу үчүн федерациянын жетекчилиги жер маселесин чечти.

«Эки гектар жерге Бокс академиясы салынат. Анын эскиздери чийилип, даярдыктарды көрүп жатышат», — деди ал.

Абдымомунов билдиргендей, мурда Бишкектеги Спорт ордосунда 50 метрлик бассейн бар болчу. Ал 2007-жылга чейин иштеп, андан кийин белгисиз себептер менен жараксыз абалга келген.

«Ал бассейнди оңдоо үчүн көп каражат кетет экен. Аны оңдоо үчүн жеке ишкерлерди, инвесторлорду табууга аракет кылдык. Бүгүнкү күнгө чейин сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деп, ал суучулдар үчүн 50 метрлик бассейн куруларын кошумчалады.

Ошондой эле Абдымомунов грек-рим жана эркин күрөш боюнча балбандарга да спорт зал курулуп берилерин белгиледи.

«Заманбап спорт зал салынат. Жер маселеси чечилди. Учурда долбоору иштелип жатат. Жакын арада курулат, — деди ал.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>