Бообек Ажикеев: ӨКМге мыйзамсыз ишке орношууга жол берилбейт

06.08.2025 | 18:32

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев министрликте кадрдык тандоо ачык жана мыйзам чегинде жүргүзүлөрүн белгиледи. Бул тууралуу ал кызматкерлердин биринин кармалганына байланыштуу коомчулукта пайда болгон суроолорго жооп берип жатып айтты.

“Кечээ министрликтин кызматкерлеринин бири кармалганы тууралуу маалымат коомчулукка тарады. Мындай көрүнүш министрлик үчүн жат көрүнүш. Тилекке каршы, беш кол тең эмес”, — деди министр.

Анын айтымында, учурда министрликте ишке кабыл алуу процесси толугу менен ачык өтөт жана ар бир жаран өз билими, кесиби жана тажрыйбасы талаптарга туура келсе, эч кандай тоскоолдуксуз ишке орношо алат.

“Биз муну дайыма айтып келебиз жана мындан ары да ушул принциптерди карманабыз. ӨКМде мыйзамсыз жол менен кызматка орношууга, ортомчулукка жана коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт”, — деп баса белгиледи министр Ажикеев.

Ошондой эле ал мындай жеке учурлар жалпы мекеменин аброюна көлөкө түшүрбөшү керектигин кошумчалады:

“Биздин катарда миңдеген ак ниет, ишине берилген, эл үчүн күнү-түнү кызмат кылган куткаруучулар эмгектенип жатышат. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги мыйзам үстөмдүгүн толугу менен колдойт жана тиешелүү тергөө органдарына бардык жардамды көрсөтүүгө даяр”, — деди Бообек Ажикеев.

Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top