Кыргызстанда жаш ата-энелерди окутуу боюнча мамлекеттик программа иштелип чыгатЭл аралык энергетика агенттиги Ормуз кысыгы аркылуу мунай жеткирүүдөгү рекорддук үзгүлтүктөн улам чукул жыйын чакыруудаЕАЭБ өлкөлөрүндө кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери жөнөкөйлөтүлөтЧарчы метр валюта катары: Бишкек бийлиги куруучулар үчүн жаңы эрежелерди иштеп чыгатКазакстандан келген 56 тонна пияз Кыргызстанга киргизилген жокОштогу дарыканадан аткезчилик менен алып келинген дары-дармектер табылды
Боом капчыгайында чыккан ири өрт чектөөгө алынды
24.03.2023 | 21:52
Боом капчыгайында чыккан ири өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Мойнок—2 айылында ачык аянтта чыккан өрт саат 18:04тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө.
Жеринде өрттү өчүрүүгө Балыкчы шаардык №19 ӨКБдан 3 күжүрмөн эсеп жана 28 куткаруучу, Токой чарбасынан 16 кызматкер, Кыргыз темир жолу ишканасынан 20 кызматкер, Тоң РИИБден 16 кызматкер, жергиликтүү тургундардан 50 адам тартылып иш алып барууда.
Маалым болгондой бүгүн аталган аймактагы ачык аянтта ири өрт чыгып, анын аянты болжол менен 50гектарды түзгөн.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок. Кошумча маалымат жеринен берилет.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом