Жапаров Кытайдагы тарыхый табылгаларды кыргызча которуга акча бөлдү

Жапаров Кытайдагы тарыхый табылгаларды кыргызча которуга акча бөлдү

Президент Садыр Жапаров Кытайдагы тарыхый табылгаларды кыргызча которуга акча бөлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Маалыматка караганда, 2019-жылы Кытай Тарых изилдөө институтунун кызматкерлери бизге Кытай архивдеринен кыргыз элинин байыркы тарыхына таандык архивдик материалдар табылгандыгын, ал маалыматтарга ылайык кыргыз эли жазма тарыхый булактарда б.з.ч. 10-кылымдарда эле кездешкендиги, мамлекет кургандыгы, ал тургай чоң мамлекеттер менен эл аралык мамилелерди жүргүзүп келгендиги тууралуу Кытай тарыхчысы Ю Тайшань өзүнүн эмгектеринде жарыялаганын билдирген.

Ошол табылган маалыматтарды которуу иштери ушул мезгилге чейин тиешелүү каражат табылбагандыгына байланыштуу токтоп турган.

Мындан улам “Мурас” фондунун башкармалыгынын төрагасы Кыяс Молдокасымов Кытайдан табылган 10 миң бетке жакын архивдик документтерди байыркы кытай тилинен азыркы кытай тилине, андан кыргыз тилине котортууну баштоо үчүн тийиштүү каражаттарды таап, жардам берүү өтүнүчүн келтирип Президент Садыр Жапаровдун дарегине кат менен кайрылган.

Табылгалардын тарыхый баалуулугун жана маанилүүлүгүн эске алып, Президент Жапаровдун тапшырмасы менен президенттик фонддон 13 миллион сом бөлдүрүп берүү боюнча тиешелүү чечим кабыл алынды. Жакынкы арада аталган каражаттар “Мурас” фондунун эсебине которулат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>