БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Боом капчыгайында унаа жолу жабылды – видео
30.07.2022 | 14:16
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 128-129-чакырымында жол жабылды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, Чүй облусунун Кемин районунда саат 11:00 чамасында кыска мөөнөттө жааган жаандын кесепетинен Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунда сел жүрүп, кум-шагыл унаа жолду жабып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

“Учурда жол каттамы эки тараптуу жабык. Жерине тактоо иштерин жүргүзүүгө КР ӨКМнин Бишкек – Нарын – Торугарт унаа жолунун 132-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучулары жана Балыкчы шаардык N 19 ӨКБдан 5 куткаруучу, N 32 Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылган. Кошумча маалымат берилет“, – дешти ӨКМден.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом