Борбор калаада 9-май — Жеңиш майрамына карата митинг-реквием болуп өттү (сүрөт)

Борбор калаада 9-май — Жеңиш майрамына карата митинг-реквием болуп өттү (сүрөт)

Бүгүн, 9-майда, Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата митинг-реквием болуп өттү.

Иш-чарага Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери, ооруктун эмгекчилери, эмгек ардагерлери, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, коргоо министринин орун басары, генерал-майор Эрлис Тердикбаев, Бишкек шаардык кеңештин төрагасы Бекжан Үсөналиев, ошондой эле Бишкек гарнизонунун аскер кызматчылары жана шаар тургундары катышты.

Иш-чаранын катышуучулары курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерүү менен Өчпөс отко гүл коюшту.

Андан соң ардагерлер үчүн салттуу «солдат» боткосу тартууланып, майрамдык концерт уюштурулду.

Муну менен катар Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналган «Өлбөс полк» аскердик-патриоттук акциясы өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>