Боронов: Ооруканаларды кышка даярдоону күчөтүү керек

Боронов: Ооруканаларды кышка даярдоону күчөтүү керек

Өлкөнүн бардык аймактарындагы ооруканаларга зарыл жабдууларды алуу менен кышка даярдоо иштерин күчөтүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 22-июлда премьер-министр Кубатбек Боронов Республикалык ыкчам штабдын жыйынында билдирди.

«Адистер эпидемиянын экинчи толкуну күз айларында башталарын божомолдоодо. Ошондуктан медициналык мекемелер бардык кырдаалга даяр туруш керек. Ал үчүн ооруканалардагы абанын алмашуусун жөнгө сала турган жабдууларды орнотуу зарыл», -деди өкмөт башчы.

Ошондой эле премьер-министр медицина кызматкерлерине илдеттин жугуу себептерин аныктоо тапшырмасын берди.

«Медицина кызматкерлеринин арасында кызматтык милдетин аткарып жатып, илдетти жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө. Ошондуктан биз алардын ден соолугуна кам көрүшүбүз керек. Аларга коронавирус инфекциясынын жугуу себептерин дыкат аныктап, анын негизинде маселелерди жоюунун үстүндө иштөөнү күчөтүү керек», — деди Кубатбек Боронов.

Өкмөт башчы Саламаттык сактоо министрлигине жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө өпкөсү сезгендерди өтүшүп кеткенге жеткирбей алдын алуу чараларын күчөтүүнү милдеттендирди.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>