Боронов: Учурда чет жактагы 4 миңден ашык кыргызстандыктар мекенине кетүүнү каалап жатат

Боронов: Учурда чет жактагы 4 миңден ашык кыргызстандыктар мекенине кетүүнү каалап жатат

2020-жылдын 2-февралынан тарта чет өлкөлөрдө жүргөн Кыргызстандын жарандарын алып келүү боюнча 35 чартердик рейс аткарылды. Бүгүнкү күнгө карата дагы 4371 адам мекенине кайтууну каалап жатат. Бул тууралуу бүгүн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Алардын ичинен Москвада, Екатеринбургда, Новосибирскте – 2716 адам.

Анын айтымында, алгачкы чартердик каттамдар Кытайдан келген. Ошондой эле Орусиядан, Түркиядан, БАЭ, Египеттен чартердик түз каттамдар аткарылган.

Биз бул маселенин үстүндө күчөтүлгөн тартипте иштеп жатабыз. Биздин жарандарды алып келүү үчүн чартердик каттамдарды ачуу тууралуу коӊшу мамлекеттер менен туруктуу негизде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”, — деп белгиледи ал.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>