Кыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилетСузакта алимент төлөөдөн качкан жаран 1 жылга эркинен ажыратылдыОшто соцтармактарда экстремисттик материалдарды таратууга шектелген жаран кармалдыКыргызстандык мектеп окуучулары эң мыкты дилбаян үчүн Швейцарияга саякат утуп алышат
Ботаникалык бактагы өрт чектөөгө алынды (видео)
06.09.2022 | 21:16
Бишкек шаарындагы А. Токомбаев жана 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Ботаникалык бакчанын аймагында куураган чөптөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өрттү өчүрүүгө саат 19:35те Октябрь райондук №5 ӨКБдан 1 бөлүм тартылган. Тилсиз жоо саат 20:19да чектөөгө алынып, учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.
Кошумча маалымат берилет. Буга чейи өрт чыкканын Фейсбук колдонуучулары айтып чыккан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар