Казакстанда 13 жашар кызды зордуктаган өгөй ата 20 жылга кесилди

Казакстанда 13 жашар кызды зордуктаган өгөй ата 20 жылга кесилди

Казакстандын Талдыкорган облусундагы педофил 20 жылга эркинен ажыратылганын жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка караганда, Талдыкорганда 13 жаштагы өгөй кызын кордогон деп айыпталган 49 жаштагы жаранга карата тергөө амалдары аяктап, өкүм чыгарылды. Бала өгөй атасы тарабынан бир нече жолу сексуалдык зомбулукка кабылганы такталып, бул кылмыш ишинин материалдары менен далилденип, өкүм чыгарууда эске алынган. Айыпталуучу күнөөлүү деп табылып, 20 жылга эркинен ажыратылды. Соттолгон жаза мөөнөтүн өзгөчө кырдаал режиминдеги түзөтүү мекемесинде өтөйт.

Соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди.

Окуя 2021-жылдын ноябрында белгилүү болгон, бала атасынын куугунтугунан жана зордук-зомбулуктан улам өз жанын кыйгысы келгенин социалдык тармактарга жазган. Андан соң апасы милицияга арыз жазган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>