Бразилияда COP30 климаттык саммити өрттөн улам убактылуу токтотулду

21.11.2025 | 10:35

20-ноябрда Бразилияда өтүп жаткан COP30 климаттык саммитиндеги сүйлөшүүлөр чыккан ири өрткө байланыштуу токтотулду. Бул тууралуу дүйнөлүк маалыматтар жазып чыкты.

The Guardian басылмасынын маалыматында, өрт сүйлөшүүлөр кызуу жүрүп жаткан маалда чыгып, делегаттар эвакуацияланган. Бул учурда катышуучулар климаттык кризиске каршы эл аралык аракеттерди күчөтүү боюнча келишимди түзүүгө аракеттенип жатышкан.

Иш-чаранын уюштуруучуларынын айтымында, Белен шаарындагы конференц-борбордун павильондук зонасында чыккан өрттөн улам он үч адам түтүнгө ууланып, медициналык жардам алган.

Ал эми Reuters агенттиги өрт бир нече мүнөттүн ичинде көзөмөлгө алынганын билдирди. Учурда өрттүн себептери иликтенип жатат, бирок алдын ала маалыматка ылайык, өрткө электр шайманы, микротолкундуу меш себеп болушу мүмкүн.

Scroll to Top