Бриллиант жана алтын: Бишкекте 16 карыя той өткөрдү
60 жыл бирге жашаган эки карыя бриллиант тоюн, он төртү 50 жыл чогуу жашаган үй-бүлө алтын үйлөнүү үлпөтүн өткөрүштү. Ата-апаларды Ленин районунун акими Русланбек Тагаев куттуктап, баалуу белектерди берди. Бул туурасында башкалаа бийлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Аким ардак китебин тапшырды. Майрамдык иш-чара Бишкек шаарындагы бакыт үйүндө болгон. .
Мындай өзгөчө майрамдык иш-чара Бүткүл дүйнөлүк карыялар күнүнө карата уюштурулуп келет. Ал күн 1-октябрда белгиленет.
[image_carousel source=”media: 100665,100666,100667,100668,100669,100670,100671,100672″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]