БШК TikTok менен кызматташат

БШК TikTok менен кызматташат

Борбордук шайлоо комиссиясы TikTok тармагында саясий үгүт иштеринин алдын алуу үчүн кызматташат. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай келишим БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова менен TikTok социалдык тармагынын КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдары менен өз ара кызматтуу боюнча аймактык директору Александр Страховдун жолугушуусунун жүрүшүндө жетишилди.

Шайлдабекова Кыргызстандын БШКсы TikTok платформасынын адилеттүү шайлоого көмөктөшүүгө жана TikTok платформасын адилетсиз саясий атаандаштыкка же башка деструктивдүү максаттарда колдонууга жол бербөөгө багытталган аракеттерин кубаттай турганын билдирди.

Кыргызстанда 28-ноябрда өтө турган парламенттик шайлоо жаңы Конституциянын негизинде иштелип чыккан шайлоо мыйзамына ылайык өткөрүлөт. Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, алардын 54ү партиялык тизме жана 36сы бир мандаттуу округ аркылуу шайланып келет. Шайлоого катышуу үчүн 72 партия БШКнын каттоосунан өткөн. Ал эми учурда 57 талапкер бир мандаттуу округдан шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>