Британиянын премьер-министри ким болот? Беш талапкердин үчөө аял
Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсондун отставкасынан кийин анын ордуна 5 талапкер ат салышууда. Алардын үчөө аял. Алгач бул кызматка 8 адам өз талапкерлигин көрсөткөн. Алардын үчөө – билим берүү министри Надим Захави, мурунку тышкы иштер министри Жереми Хант жана Англиянын башкы прокурору Сьюэлла Брейверман жарыштан чыккан. Өкмөт башчылыкка ат салышып жаткан 5 талапкердин үчөө аял. Алар менен кеңири тааныштырабыз.
Кеми Бэйднок
Кеми Бэйднок 1980-жылы Лондондо туулган. Бирок, АКШда жана Нигерияда жашаган. 16 жашында кайра Улуу Британияга көчүп келген. IT тармагында инженер программист катары иштеген. Кийин Royal Bank of Scotland Group компаниясында системалык аналитик болгон. 2017-жылы Саффрон Уолден округунан парламентке биринчи жолу шайланган. 2019-жылы балдар жана үй-бүлө маселелери боюнча мамлекеттик катчынын праламенттик орун басары болуп дайындалган. 2022-жылы Бэйднок жергиликтүү өзүн өзү башкаруу иштери боюнча министри кызматына чейин жеткен.

Пенни Мордонт
Пенни (Пенелопа) Мордонт 1973-жылы туулган. 1995-жылы Редингск университетин коомчулук менен байланыш бөлүмүн аяктаган. 2000 жана 2004-жылдары Жордж Буштун шайлоо округунда иштеген. 2010-жылы Мордонт Портсмут-Норт округунан парламенттин мүчөсү болгон. 2017-жылы эл аралык өнүктүрүү боюнча мамлекеттик катчы кызматына дайындалган. 2018-жылы тең укуктуулук жана аялдар иши боюнча министри болуп дайындалган. 2019-жылы коргоо министри кызматына дайындалган биринчи аял болгон. Бирок, бир жарым айдан кийин Борис Жонсон аны кызматтан алган. Учурда Пенни Мордонт соода саясаты боюнча министр кызматын аркалап келет.

Лиз Трасс
Трасс 1975-жылы туулган. 2010-жылы парламентке шайланган. Ал азыркы кызматына чейин айлана-чөйрөнү коргоо, юстиция, тышкы соода жүгүртүү министри кызматтарын аркалаган. Учурда Лиз Трасс Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигин жетектейт. Аны менен катар аялдардын иши жана тең укуктуулук министри кызматын жетектеп келет.

Жереми Хант
Жереми Хант 1966-жылы туулган. 2015-жылы шайлоочулардын 50% добушуна ээ болуп, парламентке келген. Консерватив партиясынын мүчөсү. 2018-2019-жылдары тышкы иштер министри кызматын аркалап келген.

Риши Сунак
Риши Сунак 1980-жылы туулган. 2015-жылы Ричмонд округунан паламентке шайланган. 2018-жылы парламентке коммуналдык чарба министринин жардамдамчысы болгон. Теги индиялык Сунак Борис Жонсон премьер-министр болуп турганда каржы министрлигинин жетектеп келген.

Улуу Британиянын жаңы премьер-министри 5-сентябрда бекитилет.