Быйыл жолдорду оңдоого 17 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт

Быйыл жолдорду оңдоого 17 млрд сомдон ашык каражат бөлүнөт

2022-жылы жолдорду оңдоого жанабашка иш-чараларга 17,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлүнөт. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бекетаев билдирди.

Анын айтымында, өткөн жылга салыштырмалуу капиталдык салымдар эки эсеге өскөн. Мында биринчи жарым жылдыктын аткарылышы 2,3 миллиард сомду түздү же өткөн жылдын жылдык тапшырмасынын децгээлинде аткарылды.

Транспорт министрлигинин маалыматы боюнча, 2022-жылдын январь айынан июнь айына чейин узундугу 41 чакырымды түзгөн долбоорлоо иштери аяктаган. Азыр узундугу 88 чакырымды түзгөн 29 объектиде иштер уланууда.

Маанилүү долбоорлордун бири — Арстанбап-Базар-Коргон унаа жолун оңдоо. Быйылкы жылы 5 чакырым жол оңдолуп, 36 миллион сом каралган.

«Белгилүү болгондой, бул райондо туризм өнүгүп жатат. Жыл сайын орто эсеп менен 100 миң ички жана чет элдик турист зыярат кылат. Бирок жолдордун абалы эс алуучулардын нааразычылыгын жаратты.

Бул багытта быйыл оңдоо иштери башталып, учурда борбордон Гумкана айыл аймагына чейин иштер жүрүп жатат. 2 айдын ичинде бүтүрүүнү пландап жатабыз», — деп билдирди Транспорт министрлиги.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>