БШК: Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

БШК: Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады

Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого талапкерлерди көрсөтүү мөөнөтү аяктады. Бул тууралу 25-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.

Президенттикке талапкер 47 адамдын тизмеси жарыяланды.

Жалпысынан 65 арыз түшкөн, алардын бирөө партиядан, калгандары өзүн өзү көрсөткөндөр. 30у коммерциялык эмес уюмдарда иштегендер, 24ү убактылуу жумушсуздар, бешөө мамлекеттик органдарда иштегендер, үчөө Жогорку Кеңештин депутаты, үчөө пенсионер.

БШК талапкер болууну каалаган 9 адамдын мамлекеттик тилди тийиштүү деңгээлде билгени тууралуу сертификаты жок болгондугуна жана 3 адамдын соттуулугу жоюла электигине байланыштуу 19-ноябрда документтерин артка кайтарып берген. Ошондой эле 6 талапкер шайлоого катышуудан өз каалоосу менен баш тарткан.

Талапкерлер эми 6-декабрга чейин банк мекемелеринен эсеп ачып, элден 30 миң кол топтоп, 1 млн сом шайлоо күрөөсүн төгүп, жетишпеген документтерин толукташы керек. Андан соң Боршайком документтердин мыйзамга шайкеш келишин текшерүүнү жүргүзүп, бул жараян 14-декабрга чейин уланып, каттоо мөөнөтү күндүн акырында аяктайт жана 15-декабрдан тартып шайлоо алдындагы үгүт башталат.

Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>