Иманкулов: Тажикстан менен жер алмашуу жолун дагы караса болот

Иманкулов: Тажикстан менен жер алмашуу жолун дагы караса болот

Кыргыз-тажик чек арасын чечүүдө эпке келүүгө, айрым учурларда макул болууга туура келет. Бул тууралуу коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов «Кабар» улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.

Ал чек арадагы тилкелер татаал жайгашып калганын белгиледи.

“Бул өтө татаал компромисс. Ансыз болбойт. Эпке келүү керек. Керек болсо жер алмашуу жолун дагы караш керек. Албетте мында жергиликтүү эл менен макулдашуу зарыл”, — дейт ал.

Марат Иманкулов чек ара эки тараптын кызыкчылыгы менен гана чечилиши керектигин айтат.

“Албетте биз баары биз каалагандай болушун каалайбыз. Бирок биз алардын кызыкчылыгын эске алышыбыз керек. Ортодо чечим табуу зарыл”, — дейт ал.

Марат Иманкуловдун айтымында, эки тараптан тең фейк маалыматтарды жарыялап, кырдаалды курчуткусу келгендер бар.

“Бирок бизде чагымдарга алдырбоого жоопкерчилик жана эркибиз жогору. Эң башкысы Баткен эли акыл калчап, коопсуздукту жогору коюуда”, — дейт ал.

Коопсуздук кеңешинин катчысынын айтымында, быйыл чек араны аныктоо иштери аяктайт.

“Чек ара чечилгенден кийин, аны ачып дагы калышыбыз ыктымал. Эки эл соода, карым-катнаш менен жашап келген. Ортодо ишке ашыра турган долбоорлор бар”, — дейт ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>