Олимпиада: Эркин күрөш боюнча 4 балбан лицензиялык мелдешке катышат

Олимпиада: Эркин күрөш боюнча 4 балбан лицензиялык мелдешке катышат

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык 4 балбан Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулуучу Дүйнөлүк лицензиялык мелдешке катышат. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча мелдеш 9-12-майда Түркиянын Стамбул шаарында өтөт. Ага эркин күрөштөн Орозобек Токтомамбетов (74 кг), Атай Изабеков (86 кг), Андрей Аронов (97 кг) жана Айаал Лазарев (125 кг) катышат.

Стамбулдагы мелдеште ар бир салмакта үчтөн балбанга Олимпиадага жолдомо берилет: эки лицензияны финалга чыккан спортчулар алат жана коло байгеге татыган эки балбан беттеш өткөрүп, жеңүүчүсү үчүнчү жолдомонун ээси болот.

Эскерте кетсек, эркин күрөштө 57, 65, 74, 86, 97 жана 125 кг олимпиадалык салмак болуп саналат. Буга чейин Бишкекте өткөн Азиялык мелдеште Бекзат Алмаз уулу 57 кг жана Эрназар Акматалиев 65 кг салмакта лицензия уткан.

Учурда Кыргызстандын куржунунда Олимпиада оюндарына жалпы 9 лицензия бар.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>