БШК Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

БШК Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады

Бүгүн, 16-ноябрда борбордук шайлоо комиссиясы президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттады. Бул тууралуу БШКдан кабарлашты.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаровдун 14-ноябрдагы жеке арызына ылайык Мощин Александр Сергеевич анын шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп катталган.

Ал эми Төлөгөнова Аида Бейшеналиевна, каржы маселеси боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп каттоодон өткөн.

Белгилей кетсек, Александр  Мощин 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо “Кыргызстан” саясий партиясынын  жактоочусу болуп,  БШК менен болгон соттошууда партиянын укугун коргогон.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>