Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовду депутаттык мандатынан ажыратты. Бул чечим БШКнын бүгүн, 28-мартта өткөн жыйынында кабыл алынды.
Жыйында УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитов сөз сүйлөп, 2021-жылы Султанбай Айжигитов Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) депутаттыкка талапкер болуп катталууда кылмыш жоопкерчилигине тартылганы тууралуу маалыматты жашырып койгонун билдирди. Анын айтымында, мындан улам “Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү” мыйзамдын талаптары бузулган.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Султанбай Айжигитов соттолгондугу тууралуу маалымат бергенден кийин шайлоо комиссиясы ИИМге тиешелүү суроо-талап жөнөткөнүн, ИИМ Айжигитовдун “соттуулугу жок” деген маалымат бергенин, ушул себептүү ал депутаттыкка талапкер болуп катталганын билдирди.
Жыйындын жыйынтыгында, БШКнын 11 мүчөсу Султанбай Айжигитовдун мандатын алууга макулдугун берди. БШКнын дагы бир мүчөсү Нурлан Койчукеев “каршы” добушун берди.