Ысык-Көл менен Соң-Көлдө өндүрмөлүк балык уулоого үч жылдык мораторий киргизилдиМинистрлер кабинети ак кантты, анын ичинде ЕАЭБ өлкөлөрүнөн ташып келүүгө алты айга тыюу салдыБийлик маселени талкуулап жаткан чакта, Таш-Мойноктун балдары мектепке 2 км жөө каттоодоУлуттук музейде Лейлек килемдеринин фестиваль-жарманкеси ачылдыКыргызстан коррупцияга каршы күрөшүү тажрыйбасын Душанбеде тааныштырдыЫсык-Көлдө эки эс алуу жайынын курулушу токтотулуп, компанияларга айып пул салынды
Мамлекеттик ипотекалык компанияга Tunduk тиркемеси аркылуу катталууга шарт түзүлүүдө
28.03.2025 | 15:38
Жакында жарандар Мамлекеттик ипотекалык компанияга Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу катталып, батир алуу үчүн арыз тапшыра алышат. Бул тууралуу Президенттин иш башкармасы билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда Кызмат” мамлекеттик мекемеси Tunduk тиркемесине жаңы функцияны иштеп чыгууда. Функция жакынкы убакта жеткиликтүү болот,. Анын жардамы менен ипотекалык компанияга катталуу, арыз берүү тез жана ачык-айкын болуп, турак жай алууну жеңилдетет.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом