БШКнын мүчөлүгүнө Сариевдин талапкерлиги каралат

БШКнын мүчөлүгүнө Сариевдин талапкерлиги каралат

Эртең, 4-ноябрда Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулуп, Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Акылбек Сариевдин талапкерлигин карайт.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети Акылбек Сариевдин талапкерлигин жактырып, парламенттин жалпы кароосуна жиберген.

Акылбек Сариевдин талапкерлиги Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын мурдагы орун басары Атыр Абдрахматованын ордуна “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы тарабынан сунушталган.

Абдрахматова 16-октябрда кызматтан кетүү боюнча арыз жазып, 28-октябрда Жогорку Кеңеш анын арызын канааттандырган.

Акылбек Сариев 2010-2011-жылдары БШКнын төрагасы  кызматын аркалаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>