Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына шаардык кеңештин шайлоосунун жыйынтыгына нааразы 6 партия чогулду.
Буга чейин «Социал-демократтар», «Реформа», «Улутман» жана «Кыргызстандын Комунистери» партияларынын өкүлдөрү чогулуп турган.
Алар шайлоонун жыйынтыгын тааныбай тургандыгын билдиришип, утуп чыккан партияларды шайлоодон четтетүүнү талап кылышууда.
Эми аларга «Тынчтык» жана «Бүтүн Кыргызстан » партиялары кошулду.
Чогулгандардын саны болжолдуу 150 адамдан ашуун.