БШКнын жанына чогулган 2 партиянын өкүлдөрү кайым айтышты — видео

БШКнын жанына чогулган 2 партиянын өкүлдөрү кайым айтышты — видео

Бишкектеги Борбордук шайлоо комиссиясынын имаратынын алдына шаардык  кеңештин шайлоосунун жыйынтыгына нааразы 6 партия чогулду.

Буга чейин «Социал-демократтар», «Реформа», «Улутман» жана «Кыргызстандын Комунистери», «Тынчтык» жана «Бүтүн Кыргызстан»  партияларынын өкүлдөрү чогулду.

Ал арада «Тынчтык » партиясынын өкүлү Болот Абдыжапаров менен  «Реформа» партиясынын өкүлү Эркин Нурбаевдин  ортосунда кыска кайым айтышуу орун алды.

Анда «Реформа» партиясынын өкүлү Бишкек шаардык кеңешке өткөн партияларды мыйзамдарын өттү деп аларды четтетүүнү сунуштаса , «Тынчтык» партиясынын өкүлү шайлоону толук жок кылуу керектигин айтты.

Мурдагы эки журналисттин талашы аяктаган менен бир пикирге келе алышкан жок.

Чогулгандардын саны болжолдуу 150 адамдан ашуун.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>