Бишкекте айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн экзамендер 6-апрелден тарта жаңы даректе өткөрүлө баштайт1-класска электрондук каттоо: Эки күндө 29 миңге жакын бала катталдыКыргызстан менен Россиянын коргоо министрлери сүйлөшүүлөрдү өткөрдүКыргызстан Иранга гумжардам жөнөтөт: 129 тонна азык-түлүк жана дары-дармекБишкекте 1,2 млн долларга Улуттук вакцина кампасы курулат: долбоордун чоо-жайыБалыкчы шаарынын кире беришине жаңы арка курулууда
Бишкектеги эки мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түшкөн
09.12.2025 | 11:51

Бүгүн, 9-декабрда, болжол менен саат 09:40тар чамасында «102» кызматына борбор калаадагы №10 жана №62 мектептерге жардыргыч зат коюлду деген маалымат түшкөн. Бул тууралуу Бишкек ШИИБи билдирди.
Аталган мектептерге дароо миилциянын ыкчам-тергөө топтору, Патрулдук милициянын жана Кайгуул кызматынын кызматкерлери жана кинологдор жөнөтүлгөн.
Учурда мектептердин администрациясы жана окуучулар эвакуацияланып, аймак курчоого алынды. Милиция кошумча маалымат берилерин билдирди.
Бишкек ШИИБи теракт же жардыргыч зат коюлду деген атайлап жалган билдирүүлөр үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганы, анын ичинде эркинен ажыратуу да бар экенин билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар