Кызды өлтүрүүгө аракет кылган. Бишкекте 22 жаштагы шектүү кармалды17 магнит жутуп алган. Ошто 2 жашар балага операция жасалдыБишкектин Ленин райондук ички иштер башкармалыгына жаңы жетекчи дайындалдыСи Цзиньпиндин Кыргызстанга сапары жана Өзбекстандагы жаңы борбор: Кытай «Бир алкак — бир жол» демилгесин күчөтүүнү көздөйтКыргызстан менен Түркия медицина тармагында кызматташууну бекемдейтТеңир-Тоо The New York Times гезитинин эң мыкты туристтик багыттарынын катарына кирди
Бул аптада доллардын курсу түшүүдө
14.04.2022 | 10:29
Кыргызстанда өткөн аптада доллардын куну бир аз көтөрүлгөндөн кийин кайра бул жума арзандай баштады.
Азыр борбор калаанын акча алмаштыруучу жайлары жана коммерциялык банктар долларды 83-84 сомдон сатып алып, 84-84,5 сомдон сатууда. Кечээ кечтен бери 1,5-2 сомго, ал эми апта башынан бери 4 сомго арзандады. Расмий курс Улуттук банк тарабынан 83,5025 сом деп белгиленген.
Аптанын башынан бери евронун курсу 3 сомго – 95,5 сомдон 92,5 сомго арзандады.
Орус рубли да позициясын жоготуп жатат. Аны сатып алуу курсу кайрадан 1 сомдон төмөн болду. Азыр орус валютасы 0,9-0,95 сомдон алынып, 1,03-1,05 сомдон сатылууда. Расмий курс 0,9896 сом.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика