Орусияда жаңы штаммдарга байланыштуу гриппке каршы вакциналар жаңыртылдыБишкектин Кара-Жыгач конушунда 6-октябрда ичүүчү суу өчүрүлөт«Бишкек Аренанын» ачылышында 5 миң милиция кызматкери коомдук тартипти камсыздайтАдылбек Касымалиев билим берүү кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады«Кыргызстан үчүн 100 идея» республикалык жаштар сынагы жарыяланды«Flydubai менен болгон инцидент Тегеранды айыптоо үчүн пландалган» — Ирандын ТИМи
Чүй: Орокто экологиялык абал курчуду
14.04.2022 | 10:45
Сокулук районунун Орок айылында экология коркунучка келди. Бул туурасында Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Айдарбеков парламент жыйынында билдирди.
“Аталган айылдагы кирпич завод, тоок фермалар ж.б. ишкерлер ар кандай сырьерлорун жүк ташуучу Хово үлгүсүндөгү унаалар менен ташышат. Күнүнө жүздөй унаа ары-бери өткөндүктөн унаалардан чыккан түтүн айылды кадимкидей коркунучка кептеди. Айылдагылардын дем алуусуна кедергесин тийгизгени аз келгенсип, жолду бузуп жатышат. Андыктан атайын комиссия түзүп, ишкерлердин ишин убактылуу токтотуп турушубуз керек. Бүгүн бул ишти жөнгө салбасак эртең кеч болуп калат”– деди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат